ПостановлениеДействует

Ынтымак айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 3-июнундагы № 6/1 «Ынтымак айыл өкмөтүнүн бардык жер фондусун инвентаризациялап акт аркылуу өткөрүп алуу тууралуу» токтому

Редакцияот 03.06.2017
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ынтымак айылдык Кеңешинин (6 – чакырылышы) кезексиз VI – сессиясынын

 

2017-жылдын 3-июну № 6/1

Ынтымак айыл өкмөтүнүн бардык жер фондусун инвентаризациялап акт аркылуу өткөрүп алуу тууралуу

“Кыргызмамжердолроор” инсититунун Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы бардык жер фонддорун инвентаризациялоо боюнча жүргүзүп жаткан иштери комиссия аркылуу акты менен өткөрүп алуу максатында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын №18 беренесинин 7-пунктуна таянып Ынтымак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ.

1. Кыргызмамжердолроор” инсититунун Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы бардык жер фонддорун инвентаризациялоо боюнча жүргүзүп жаткан иштери комиссия аркылуу акты менен өткөрүп алынсын

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Жоробековко жүктөлсүн

 

Төрага

А. Абдикулов