ПостановлениеДействует

Семиз-Бел айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 10-февралындагы № 5/3 «2017-жылга Семиз-Бел айыл аймагындагы жайыттардын айыл аймагынан сырткаары келген жайыт пайдалануучулардын жана кыйыр пайдалануучулардын жайыт акысын бекитүү жѳнүндѳ» токтому

Редакцияот 14.03.2017
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI- чакырылышынын кезексиз V -сессиясы

 

2017-жылдын 10-февралы № 5/3

2017-жылга Семиз-Бел айыл аймагындагы жайыттардын айыл аймагынан сырткаары келген жайыт пайдалануучулардын жана кыйыр пайдалануучулардын жайыт акысын бекитүү жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ Мыйзамынын 4-беренесинин жана «Жайыттар жѳнүндѳ» Мыйзамынын 4-беренесин жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн «Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү тартиби жѳнүндѳ» 2013-жыл 13-сентябрындагы №515 токтомунун негизинде жайыт пайдалануучулардын жайыт акысын бекитүу жѳнүндѳ Семиз-Бел айыл аймагынын жайыт комитетинин тѳрагасы Ч.Алжанбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеңеши ,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

2017-жылга Семиз-Бел айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар тарабынан жайлоого алып чыккан малдардын акылары тѳмѳндѳгүдѳй ѳлчѳмдѳ бекитилсин.

Кой-эчки - 12 сом

Жылкы - 60 сом

Уй - 60 сом

Эшек - 60 сом

2017-жылга Семиз-Бел айыл аймагынан тышкары келген жайыт пайдалануучулар тарабынан жайлоого чыккан малдардын акылары тѳмѳндѳгүдѳй ѳлчѳмдѳ бекитилсин.

Кой, эчки- 24 сом

Жылкы -120 сом

Уй -120 сом

Эшек – 120сом

2017-жылга Семиз-Бел айыл аймагынан жайыттарын кыйыр пайдалануучуларына жайыт акылары (туризим багытында) ар бир боз үйгѳ 3000 сом, соода-сатык вагондордон түшкѳн жайыт акы кв. метрине 350 сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.

Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Семиз-Бел айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Б.Акишов жана жайыт комитетинин тѳрагасы Ч.Алжанбаевге милдеттендирилсин.

 

Төрага

Р.Базаркулов