ПостановлениеДействует

Кара-Бак айылдык кеңешинин 2016-жылдын 18-июлундагы № 29 «Кара-Бак айылынын АВМ участкасындагы «Айыл чарба багытындагы жер аянтын которуу (трансформациялоо) жөнүндө» токтому

Редакцияот 29.07.2016
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 18-июлу № 29

Кара-Бак айылынын АВМ участкасындагы “Айыл чарба багытындагы жер аянтын которуу (трансформациялоо) жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин талаптарына ылайык Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кара-Бак айылынын АВМ участкасындагы мурда курулган кыз-келиндер Медресесинин 0,15 га жер аянтын мыйзамдаштыруу максатында Кара-Бак айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXXVII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кара-Бак айылынын АВМ участкасындагы мурда курулган кыз-келиндер Медресесинин Айыл чарба багытындагы 0,15 га жер аянтын калктуу конуштар категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берилсин.

2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди даярдап берүү жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы С.Убаевге тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Курбанбековго жүктөлсүн.

 

 

Төрага

А.Каламбеков