К содержанию
ДалилПравовая библиотека Кыргызской Республики
Меню
Спросить Далил
Язык
ОбзорКаталогЗаконопроектыШаблоныПроверка документаИзмененияО сервисеСпросить Далил
Каталог/Постановление
ПостановлениеДействует

Токтогул шаардык кеңешинин 2017-жылдын 15-сентябрындагы № 132 «Токтогул шаарында ичүүчү сууну жана саркынды суу кетүүчү түтүктөрдү пайдалангандык үчүн тарифтерди бекитүү жөнүндө» токтому

Реквизиты

Номер
№ 132
Принят
15 сентября 2017 года
Издал
Токтогульский городской кенеш

Регистрация и публикация

Публикация
www.toktogul.kg · 18 сентября 2017 года
В реестре с
2 октября 2017 года

В реестре

Код Минюста
292145

Официальная страница Минюста

Правовая информация
для работы, бизнеса и обучения.

Компания

О сервисеКаталогЗаконопроектыШаблоныПроверка документаСпросить Далил

Реквизиты компании и контакты ещё не добавлены.

Независимый информационный сервис. Данные собраны автоматически из Централизованного банка данных правовой информации Министерства юстиции КР и могут содержать неточности. Для юридически значимых решений сверяйтесь с официальным источником.

© 2026 dalil.kg
Редакцияот 15.09.2017
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXVII чакырылышынын кезексиз XXIX сессиясы

2017-жылдын 15-сентябры № 132

Токтогул шаарында ичүүчү сууну жана саркынды суу кетүүчү түтүктөрдү пайдалангандык үчүн тарифтерди бекитүү жөнүндө

Токтогул шаарынын тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу багытында Токтогул өндүрүштүк-эксплуатациялык “Суу Канал” ишканасы менен Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕБРР) 2017-жылдын 11-майында келишим түзүшкөн. Аталган келишимдин талаптарына ылайык, “Таза Суу” долбоорунун алкаганда ичүүчү таза сууну, саркынды сууларды кетирүүчү түтүктөрдү (канализация) пайдалангандык үчүн тарифтерди жогорулатуу зарылчылыгы келип чыгууда.

Жогорудагылардын негизинде Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 14 пунктун жетекчиликке алуу менен, Токтогул өндүрүштүк-эксплуатациялык “Суу канал” ишканасынын жетекчиси Ч.Анарбаевдин сунушу боюнча “Экономика, бюджет, финансы рыноктук инфраструктура, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышынын корутундусун угуп, талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXIX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Шаар аймаганда ичүүчү таза сууну жана саркынды суу кетүүчү түтүктөрдү пайдалангандыгы үчүн тарифтер тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркелет).
  2. Бул токтом 2018-жылдын 1-январынан баштап колдонууга киргизилсин.
  3. Бекитилген жаңы тарифтер боюнча жашоочулар арасында, мекеме, ишканалардын жетечилерине, коммерциялык уюмдардын ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
  4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  5. Токтомду аткаруу “Суу канал” ишканасынын жалпы эмгек жамаатына, жетекчисине (Ч.Анарбаев), Токтогул шаарын мэрине (М.Калмурзаев) милдеттендирилсин.
  6.  “Экономика, бюджет, финансы рыноктук инфраструктура, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясы (Э.Джумабаев) бул токтомдун жалпы аткарылышын көзөмөлгө алсын.
  7. Ушул токтом колдонууга киргизилген күндөн баштап Токтогул шаардык кеңешинин кезектеги XII сессиясында кабыл алынган 28.10.2015-жылдагы № 59 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
  8. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын жана www.toktogul.kg веб-сайтына жайгаштырылсын (С.Наралиева).

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын 15.09.2017-жылдагы кезексиз XXIX сессиясынын № 132 токтомуна Тиркеме

Токтогул шаарында 2018-жылдын 1- январынан баштап ичүүчү сууну жана саркынды сууларды кетирүүнү (канализация) пайдалангандык үчүн тарифтер

 

№

Ачыктама

Өлчөө бирдиги

Баасы (сом)

1

Токтогул шаарынын жашоочуларына

1 м3

10,08

2

Бюджеттик мекемелерге

1 м3

14,72

3

Коммерциялык ишканаларга

1 м3

14,72

4

Саркынды сууну кетирүүгө

1 м3

13,12

 

Төрага

К.Дербишев

 

Структура

В этом документе не удалось выделить разделы и статьи.