ПостановлениеДействует

Сары-Булак айылдык Кенешинин 2017-жылдын 12-майындагы № 3/4 «Депутаттардын Сары-Булак айылдык Кенеши айыл аймагынын Сары-Кунгой, Сары-Булак, Тогуз-Булак, Конокбай-Талаа, Тегерек-Саз, Кара-Булак, Кызыл-Булак айылдарында жашаган кожолуктардын мусор жыйымын чогултуу жана айыл чарбасына жарактуу жерлерден алынуучу жер салыктары жөнүндө» токтому

Редакцияот 12.05.2017
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

№3 сессиясынын (VI-шайланган) жыйналышы

2017-жылдын 12-майы № 3/4

Депутаттардын Сары-Булак айылдык Кенеши айыл аймагынын Сары-Кунгой, Сары-Булак, Тогуз-Булак, Конокбай-Талаа, Тегерек-Саз, Кара-Булак, Кызыл-Булак айылдарында жашаган кожолуктардын мусор жыйымын чогултуу жана айыл чарбасына жарактуу жерлерден алынуучу жер салыктары жөнүндө

Депутаттардын Сары-Булак айылдык Кеңеши айыл аймагынын Сары-Кунгой, Сары-Булак, Тогуз-Булак, Конокбай-Талаа, Тегерек-Саз, Кара-Булак, Кызыл-Булак айылдарында жашаган кожолуктардын мусор жыйымын чогултуу жана айыл чарбасына жарактуу жерлерден алынуучу жер салыктарын карап чыгып Сары-Булак айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сары-Булак айыл өкмөтунун аймагында жашаган кожолуктардын мусор төлөмү 50 (элуу) сом өлчөмүндө белгиленсин.

2. Айыл чарбасына жарактуу жерлерден алынуучу жер салыктары, салык кодексинин 337-беренесине ылайык бекитилсин.

3. Түтүн пулду чогултуу жагы Сары-Булак айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адис К. Калбаевге милдеттендирилсин.

4. Чогултулган Түтүн пулду Сары-Кунгөй, Сары-Булак, Тогуз-Булак, Конокбай-Талаа, Тегерек-Саз, Кара-Булак, Кызыл-Булак айылдарындагы ташталган таштандыларды тазалоо, жана иретке келтируу иштерине жумшалсын.

5. Бул токтомду турмушка ашыруу жана көзөмөл жүргүзүү жагы Сары-Булак айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А. Мамажусуповго тапшырылсын.

 

Төрага

Ж. Акматалиев