Савай айылдык кеңешинин 2016-жылдын 28-июлундагы №1 «Айыл өкмөтүнүн статист-экономист кызматкерине эмгек акы төлөөнүүсүн Республикалык бюджеттин эсебине өткөрүп берүү жөнүндө» токтому
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Савай айылдык кеңешинин кезектеги V -сессиясы (V чакырылыш)
2016-жылдын 28-июлу №1
Айыл өкмөтүнүн статист-экономист кызматкерине эмгек акы төлөөнүүсүн Республикалык бюджеттин эсебине өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдында башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 19-беренесинин негизинде Савай айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Савай айыл өкмөтүнүн статист-экономист кызматкеринин айлык маянасы Республикалык бюджеттин эсебинен төлөп берүү жагы суралсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнө милдеттендирилсин.
Төрага | Б.Мамашов |