ПостановлениеДействует

Корул айылдык кеңешинин 2016-жылдын 15-июнундагы № 33/5 «Алай районундагы Корул айыл өкмөтүнүн Тогуз-Булак айылынын Сары-Камыш, Кара-Жыгач участкаларын бириктирип, көчөлөштүрүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 15.06.2016
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Корул айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын 33-заседаниясы

 

2016-жылдын 15-июну № 33/5

Алай районундагы Корул айыл өкмөтүнүн Тогуз-Булак айылынын Сары-Камыш, Кара-Жыгач участкаларын бириктирип, көчөлөштүрүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19-август 2008-жылдагы №467 токтомунун жобосунун негизинде Корул айыл өкмөтүнүн Тогуз-Булак айылынын Сары-Камыш, Кара-Жыгач участкаларын бириктирип, Шамырзаев Мелистин үйүнөн айыл өкмөтүнүн конторасына чейинки аралыкты согуш ардагери Шамырзаев Талип атындагы көчө деп атоо жөнүндө Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тогуз-Булак айылынын Сары-Камыш, Кара-Жыгач учкасткаларынын жашоочуларынын суроо-талаптарын аткаруу боюнча Шамырзаев Мелистин үйүнөн айыл өкмөтүнүн конторасына чейинки аралык Шамырзаев Талип атындагы көчө болуп аталсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук укук тартибин, этиканы чыңдоо жана улуттук каада-салттар боюнча туруктуу комиссиянын курамына жана Тогуз-Булак айылынын айыл башчысынын милдетин аткаруучу М.Эрмаматовго милдеттендирилсин.

 

Корул айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Т.Маназаров