ПостановлениеДействует

Савай айылдык кеӊешинин 2017-жылдын 19-майындагы №15 «Айыл – чарба багытындагы КБФнун жерлерине ижара акысын бекитүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 19.05.2017
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Савай айылдык кеӊешинин кезексиз V сессиясы

 

2017-жылдын 19-майы №15

Айыл – чарба багытындагы КБФнун жерлерине ижара акысын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 18-беренесинин негизинде Савай айыл аймагындагы айыл – чарба багытындагы КБФнун жерлерине ижара акысынын тарифин бекитип берүү максатында Савай айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Савай айыл аймагындагы Айыл-Чарба багытындагы КБФнун сугат жерлерине 1 га жер аянтына ижара акысы 5000 сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. Шарттуу сугат жерлерине 1 га жер аянтына 3500 сом өлчөмүндө бекитилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Савай айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

С. Сыдыков