ПостановлениеДействует

Савай айылдык кеӊешинин 2017-жылдын 19-майындагы №20 «Инвестицияны колдоого акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 19.05.2017
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Савай айылдык кеӊешинин кезексиз V сессиясы

 

2017-жылдын 19-майы №20

Инвестицияны колдоого акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Инвестициялар жөнүндөгү” мыйзамынын 14 – статьясынын негизинде Савай айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Савай айыл өкмөтүнүн Кыдырша, Савай жана Ынтымак айылдарынын көчөлөрүнө шагыл төшөөгө жана таза суу тартууга БУУнун азык түлүк программасы тарабынан аткарылуучу иштерге айыл өкмөтүнүн кошумча салымы 125 миң сом акча каражаты которулуп берилсин.

2. Мыйзам чегинде акча каражатын которуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнө милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Савай айылдык Кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

С. Сыдыков