ПостановлениеДействует

Кашка-Жол айылдык кеңешинин 2016-жылдын 22-февралы №16/10 «Кашка-Жол айыл аймагынын 2016-жылга бекитилген бюджетинен Октябрь айылындагы»Элбарс«атындагы бала бакчага долбоор түзүү үчүн өздүк салымын бекитүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 22.02.2016
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кашка-Жол айылдык Кеңешинин кезектеги 16-сессиясы (V чакырылыш)

 

 

2016-жылдын 22-февралы №16/10

Кашка-Жол айыл аймагынын 2016-жылга бекитилген бюджетинен Октябрь айылындагы "Элбарс" атындагы бала бакчага долбоор түзүү үчүн өздүк салымын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кашка-Жол айыл аймагынын 2016-жылга бекитилген бюджетинен Октябрь айылындагы "Элбарс" атындагы бала бакчанын кошумча курулушуна бөлүп берүү жөнүндө Кашка-Жол айыл аймагынын финансы-экономикалык-бөлүм башчысынын маалыматын,Кашка-Жол айыл аймактык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын жыйналышынын сунушун угуп жана талкуулап Кашка-Жол айыл аймактык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кашка-Жол айыл аймагынын 2016-жылдагы бюджетинен Октябрь айылындагы "Элбарс" атындагы бала бакчанын кошумча курулушуна 100 000 (жүз миң ) сом долбоорго салым катары бөлүнүп берилсин.

2.    Кашка-Жол айыл аймагынын финансы-Экономикалык бөлүмүнүн башчысы каражатты өз убагында камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.

3.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Жол айыл аймактык Кеңешинин социалдык-маданий,билим берүү коммуналдык менчик, саламаттыкты сактоо, маалымдуулук, жаштар иштери,социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарьш аныктоо,экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы) тапшырылсын.

 

Төрага

Б. Абдырахманов