ПостановлениеДействует

Капчыгай айылдык кеңешинин 2016-жылдын 23-октябрындагы № 16.20 «Капчыгай айыл өкмөтүнүн Терек-Суу айылындагы маданият үйүнө ат коюу жөнүндө» токтому

Редакцияот 23.10.2016
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Депутаттардын Капчыгай айылдык Кеңешинин кезексиз 16-сессиясы (V шайланган)

 

2016-жылдын 23-октябры № 16.20

Капчыгай айыл өкмөтүнүн Терек-Суу айылындагы маданият үйүнө ат коюу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы географиялык обьектилерди атоо,алардын атын өзгөртүү,географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндөгү» Жобону жетекчиликке алып Капчыгай айылдык Кеёешинин Терек-Суу айылынын маданият үйүнө ат коюу боюнча Терек-Суу айылынын элдик жыйынын 2016-жылдын 21-октябрындагы протоколунун чечимине ылайык Капчыгай айылдык Кенеши кезексиз он алтынчы сессиясынын (V шайланган) жыйналышы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Капчыгай айыл өкмөтүнүн Терек-Суу айылынын 2016-жылдын21-октябрдагы жалпы элдик жыйынынын протоколунун чечими бекитилсин.

2. Капчыгай айыл өкмөтүнүн Терек-Суу айылынын маданият үйүнө Турганбаев Тынчтыкбек Иркамиловичтин ысымы берилип, «Турганбаев Тынчтыкбек Иркамилович атындагы Терек-Суу маданият үйү» деп аталсын.

3. Турганбаев Тынчтыкбек Иркамилович атындагы Терек-Суу маданият үйүнүн муктаждыктарын толуктоо жагы Турганбаевдердин үй бүлөөсүнө жүктөлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга жана айыл өкмөттүн аппаратына тапшырылсын.

 

Төрага

А. Азимбаев