ПостановлениеДействует

Семиз-Бел айылдык кеңешинин 2016-жылдын 10-октябрындагы №32/5 «Кочкор районунун «Ардактуу атуулу» наамына талапкерлерди сунуштоо жөнүндө» токтому

Редакцияот 10.10.2016
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXXII сессиясы

 

2016-жылдын 10-октябры №32/5

 

Кочкор районунун «Ардактуу атуулу» наамына талапкерлерди сунуштоо жөнүндө

Семиз-Бел айыл аймагынын Семиз-Бел айылынын алдыӊкы фермери, айылдык Кеӊештин эки жолку депутаты Чаарчокиев Арстанбекке жана Семиз-Бел айыл өкмөтүндө салык инспектору,айыл өкмөтүнүн башчысы болуп үзүрлүү эмгектенип, Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн өнүгүүсүнө зор салым кошкондугу үчүн Букамбаев Медетбек Мамыткановичке Кочкор районунун «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунуштарын жана тиешелүү документтерин карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Семиз-Бел айылынын тургуну Чаарчокиев Арстанбек, Кара-Тоо айылынын тургуну Букамбаев Медетбектердин талапкерлиги Кочкор районунун «Ардактуу атуулу» наамына сунушталсын.

2. Бул токтомду бекитип берүү жагы Кочкор райондук кошмо жыйындар Кенешинен суралсын.

 

Төрага

М.М.Букамбаев