ПостановлениеДействует

Төөлөс айылдык кеңешинин 2017-жылдын 21-июнундагы №9-5 «Төөлөс айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин 01.01.2017-жылга калган калдыктарын кайра бекитип берүү боюнча» токтому

Редакцияот 21.06.2017
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Төөлөс айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги тогузунчу сессиясы

 

2017-жылдын 21-июну №9-5

Төөлөс айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин 01.01.2017-жылга калган калдыктарын кайра бекитип берүү боюнча

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-пункутуна ылайык

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төөлөс айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин 01.01.2017-жылга калган калдыктарын, айыл өкмөтүнүн электро энергиядан болгон карыздары үчүн чегерүү жагы бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы, айылдык кеңештин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

М. Абдырахманов