ПостановлениеДействует

Кара-Суу айылдык кеңешинин 2016-жылдын 26-майындагы № 28/5 «Кара-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдарга катуу тиричилик калдыктарын чогултуу үчүн Кабыктын–Дөңү участогунан 0,50 га жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 26.05.2016
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXVIII сессиясы

 

2016-жылдын 26-майы № 28/5

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдарга катуу тиричилик калдыктарын чогултуу үчүн Кабыктын–Дөңү участогунан 0,50 га жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө

Кара-Суу айылдык кеңешинин 2016-жылга карата иш планы боюнча мыйзамдуулук жана укук тартиби туруктуу комиссиясынын төрагасынын корутундусун угуп Кара-Суу айылдык Кеңеши;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдарга катуу тиричилик калдыктарын чогултуу үчүн Кабыктын –Дөңү участогунан 0,50 га жер тилкесин бөлүп берилсин.

2. Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Кара-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.karasuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;

3. Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Кара-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;

4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик  укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Азимбаевага жүктөлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары У.Коешовго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Т. Керимкулов