ПостановлениеДействует

Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 3/2 «Жергиликтүү бюджетин киреше бөлүгүн толтуруу максатында айыл өкмөтүндөгү салыктын бардык түрлөрүн жана кайра бөлүштүрүү фондусундагы жерлерди ижарага берүүдөн ижарага акыларынын өндүрүлүшүнүн абалы жөнүндө» токтому

Редакцияот 30.06.2016
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

КОҢУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын 3- заседаниясы

 

2016-жылдын 30-июну № 3/2

Жергиликтүү бюджетин киреше бөлүгүн толтуруу максатында айыл өкмөтүндөгү салыктын бардык түрлөрүн жана кайра бөлүштүрүү фондусундагы жерлерди ижарага берүүдөн ижарага акыларынын өндүрүлүшүнүн абалы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 3-главасынын 20-беренесинин 12-пунктуна ылайык Коңур- Дөбө айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жергиликтүү бюджетин киреше бөлүгүн толтуруу максатында айыл өкмөтүндөгү салыктын бардык түрлөрүң жана кайра бөлүштүрүү фондусундагы жерлерди ижарага берүүдөн ижараг акыларынын өндүрүлүшүнүн абалы талапка ылайык аткарылып  жаткандыгы белгиленсин.

2. 2016-жылдын алтай ичинде өздүк кирешеден түшкөн акча каражаты бир сом да пайдаланылбай тургандыктан,айыл өкмөтүнүн бюджет боюнча иштери канаатандыралык эмес 9 айдын жыйынттыгы менен кайрадан  кароо сунушталсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл өкмөтүнө жана айылдык Кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Коңур-Дөбө айылдык

кеңешинин төрагасы

 

С. Жээналиев