ПостановлениеДействует

Айдаркен шаардык кеңешинин 2015-жылдын 3-августундагы № 30 «Айдаркен шаардык кеңеши тарабынан Айдаркен шаарынын мэри М.М. Мукумовдун 2015-жылдын 6 айлык отчеттун ишмердүүлүгү боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө» токтому

Редакцияот 03.08.2015
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ 

Айдаркен шаардык кеңешинин 1-чакырылышынын ХХХ сессиясы

 

2015-жылдын 3-августу № 30

Айдаркен шаардык кеңеши тарабынан Айдаркен шаарынын мэри М.М. Мукумовдун 2015-жылдын 6 айлык отчеттун ишмердүүлүгү боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө

Айдаркен шаардык Кеңеши тарабынан Айдаркен шаарынын мэринин М. М. Мукумовдун 6 айлык ишмердүүлүгү боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө эсептөө комиссиясынын маалыматын угуп, протоколун карап, талкуулап Айдаркен шаардык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эсептөө комиссиясынын протоколу бекитилсин.

2. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесине жана 43-беренесине (6-9)ылайык Айдаркен шаарынын мэри М.М. Мукумовдун 6 айлык ишмердүүлүгүн канааттандырарлык эмес деп, ишенбестик көрсөтүлдү деп эсептелсин.

3. Ушул чечим жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөт башчысы – Премьер-министр Т. Сариевке билдирилсин жана тиешелүү чечим кабыл алуу жагы суралсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы регламент жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К. Турдалиевке жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

А.Гайназаров