Кочкор айылдык кеңешинин 2017-жылдын 9-июнундагы № 11/10 «Көбөгөн-Сай конушуна балдар ойноочу аянт курууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө» токтому
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Кочкор айылдык кеңешинин кезексиз XI сессиясы
2017-жылдын 9-июну № 11/10
Көбөгөн-Сай конушуна балдар ойноочу аянт курууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Көбөгөн-Сай конушуна балдар ойноочу аянтча курууга 400 чарчы метр жер тилкесин сурап келишкен жарандардын кайрылуусун карап,талкулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдый Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жарандардын кайрылуусуна ылайык, балдар ойноочуу жай курууга Көбөгөн-Сай конушунан 400 чарчы метр бөлүп берүү жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.Исраиловго милдеттендирилсин.
Төрага | Ж.Балкыбеков |