ПостановлениеДействует

Кыз-Көл айылдык кеңешинин 2015-жылдын 23-октябрындагы № 1 «Кыз-Көл айылдык кеңешинин иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 29.03.2017
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

КЫЗ-КОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Биринчи кезексиз сессиясы

 

2017-жылдын 29-марты № 1

“Кыз-Көл айылдык кеңешинин иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү мыйзамынын 26-беренесинин 1-1-бөлүкчөсүнө, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы №114-токтомуна ылайык, Кыз-Көл айылдык кеңешинин биринчи сессиясы

Т ОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыз-Көл айылдык кеңешинин иш кагаздары жана токтомдору мамлекеттик тилде гана жүргүзүлсүн.

2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Кыз-Көл айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

Төрага

А. Рахманкулов