ПостановлениеДействует

Миң-Булак айылдык Кеңешинин 2011-жылдын 11-августундагы № 6 «Акматов Узакбектин үй-бүлөсүнө үлүшкө жер берүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 11.08.2011
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2011-жылдын 11-августу № 6

 “Акматов Узакбектин үй-бүлөсүнө үлүшкө жер берүү жөнүндө”

 Депутаттардын Миң-Булак айылдык округдук кеңешинин V чакырылышынын жыйырманчы сессиясы, жогорудагы айтылган маселени карап чыгып, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Акматов Узакбектин үй-бүлөсүнө үлүш жер берүү жөнүндөгү 2007-жылдын 6-февралындагы №1628-III жогорку кеңештен келген токтомго байланыштуу 6 (алты) жанга тиешелүү 2,22 га үлүш жери № 576 жер контурунан бөлүнүп берилсин.

2.    Жерге жеке менчик укугу тууралу күбөлүгүн даярдап берүү жагы Бакай-Ата райондук Мамкаттоосунан суралсын.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер жана агрардык маселелер боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

К. Кулукеев