ПостановлениеДействует

Кызыл-Жылдыз айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 16-январындагы № 1 «Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетине тиешелүү ички жайыттар категориясына кирген «Жорго-Сейиттин оозу, жайыт жери жөнүндө» токтому

Редакцияот 16.01.2016
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

КЕЗЕКТЕГИ 17-СЕССИЯСЫ

2016-жылдын 16-январы № 1

«Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетине тиешелүү ички жайыттар категориясына кирген «Жорго-Сейиттин оозу, жайыт жери жөнүндө»

 Көк-Ой айылынын тургуну Бердигулов Сагынбек Самаровичтин 03.01.2016-ж жазган аразын карап жана Кызыл-Жылдыз жайыт комитетинин төрагасы Д.Өмурзаковдун билдирүүсүн угуп,талкуулап Кызыл-Жылдыз айылдык кеңеши,

токтом кылат:

1.Кызыл-Жылдыз айылындагы жайыт комитетине тиешелүү «Жорго-Сейиттин» оозу ички жайытынын 25м2 жер аянтын,жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу үчүн, келишимдин негизинде,Көк-Ой айылынын жашоочусу, Бердигилов Сагынбек Самровичке, бир жылдык мөөнөт менен ижарага берилсин.

2.Кызыл-Жылдыз жайыт комитетинин төрагасы: Д.Өмүрзаковго ижарага берилип жаткан жер аянтын, жеринен барып ченеп,тактап, келишимдин шарттарынын аткарылышын көзөмөлдөө жагы милдеттендирилсин.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кыдырмаевге жүктөлсүн.

 

Төрайымы

Г. Калмаматова