Көлдүк айылдык кеңешинин 2017-жылдын 22-январындагы №5 «Көлдүк айыл өкмөтүнүн ченемдик актыларын мамлекеттик тилде жүргүзүү жөнүндө» токтому
КӨЛДҮК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көлдүк айылдык кеңешинин кезексиз 1 сессиясы (VI чакырылыш)
2017-жылдын 22-январы №5
Көлдүк айыл өкмөтүнүн ченемдик актыларын мамлекеттик тилде жүргүзүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамына 2013-жылдын 1-мартынан баштап күчүнө киргендигине байланыштуу Көлдүк айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көлдүк айыл Кеңешинин аймагында жашаган калктын дээрлик 100% пайызы кыргыз улуту болгондуктан Кеңештин сессиясында ченемдик актыларына долбоору мамлекеттик тилде каралсын жана жүргүзүлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көлдүк айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Н.Танырыковго тапшырылсын.
Төрага | Б. Сатыгулов |