ПостановлениеДействует

Ноокат шаардык кеңешинин 2016-жылдын 7-декабрындагы № 5 «Ноокат райондук сотунун 2016-жылдын 3-августундагы чечиминин негизинде акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 07.12.2016
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги V чакырылышынын XXXX сессиясы

 

2016-жылдын 7-декабры № 5

Ноокат райондук сотунун 2016-жылдын 3-августундагы чечиминин негизинде акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

Ноокат райондук сотунун 2016-жылдын 3-августундагы №ГД-1273-16-05 чечиминин негизинде акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ноокат райондук сотунун 2016-жылдын 3-августундагы чечиминин аткарууга 190 589,58 (бир жүз токсон миң беш жүз сексен тогуз сом 58 тыйын) акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын 2016-жылдын 9-айында үнөм болгон акча каражатынын эсебинен ажыратылып берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А. Гафаров