ПостановлениеДействует

Катта– Талдык айылдык кеңешинин 2016-жылдын 1-мартындагы № 84-а «Катта- Талдык аыйл аймагында жайгашкан айылдарда таштандыларды алып чыгуу максатында Катта- Талдык айыл өкмөтүнүн алдында «Баш – Булак Тазалык» муниципалдык ишкана түзүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 01.03.2016
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2016-жылдын 1-марты № 84-а

Катта- Талдык аыйл аймагында жайгашкан айылдарда таштандыларды алып чыгуу максатында Катта- Талдык айыл өкмөтүнүн алдында «Баш – Булак Тазалык» муниципалдык ишкана түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 15 – июль 2011 жылы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» мыйзамынын, 25 – сентябрь 2003 ж. «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы – экономикалык жөнүндөгү» мыйзамынын 23 – беренесинин, 15 – март 2002 – жылы «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү» мыйзамынын 16 – беренесинин негизинде Катта – Талдык айыл аймагынын өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Катта – Талдык айыл аймагынында жайгашкан айылдарда таштанды алып чыгуу максатында Катта – Талдык айыл өкмөтүнүн алдында «Баш – Булак Тазалык» муниципалдык ишкана түзүлсүн.

2. «Баш – Булак Тазалык» муниципалдык ишканасы мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Ош облустук юстиция башкармалыгынан суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын өкмөтүнүн башчысынын орун басары К.Тажибаевке милдеттендирилсин.

 

Айыл башчы

К. Жантороев