ПостановлениеДействует

Баткен шаардык кеңешинин 2016-жылдын 10-ноябрындагы № 73 «Баткен шаарынын Түлкү-Таш массивиндеги П-2 өндүрүш багытындагы 2 га өлчөмүндөгү жер аянтын аукцион аркылуу түз сатуу жолу менен сатууга макулдук берүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 10.11.2016
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баткен шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХХIV сессиясы

 

2016-жылдын 10-ноябры № 73

Баткен шаарынын Түлкү-Таш массивиндеги П-2 өндүрүш багытындагы 2 га өлчөмүндөгү жер аянтын аукцион аркылуу түз сатуу жолу менен сатууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2015-жылдын 15-июлдагы №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 5-пункутуна жана Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2016-жылдын 25-октябрындагы №01-22/557 каты, Баткен шаар мэриясынын алдындагы жер пайдалануу жана курулуш куруу комиссиясынын 2016-жылдын 29-майдагы №1 ЛОТун протоколунун негизинде, 2 га жер аянтын түз сатуу жолу аукцион аркылуу сатууга макулдук берүү максатында Баткен шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХХIV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баткен шаарынын Түлкү-Таш массивиндеги 2 га жер аянты түз сатуу жолу менен акуцион аркылуу макулдук берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары М.Орозбаевге тапшырылсын.

 

Төрага

Э. Рахматов