ПостановлениеДействует

Бел айылдык кеңешинин 2016-жылдын 26-октябрындагы № 23-7 «Бел айыл аймагындагы жайгашкан калктуу пункттарына өзүнчө статус алуу жөнүндө» токтому

Редакцияот 26.10.2016
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Бел айылдык Кеңешинин ( бешинчи чакырылышынын) кезектеги жыйырма үчүнчү сессиясы

 

2016-жылдын 26-октябры № 23-7

Бел айыл аймагындагы жайгашкан калктуу пункттарына өзүнчө статус алуу жөнүндө

Бел айыл айагында жайгашкан “Жаш” жана “Таш-Булак” калктуу пунктарына өзүнчө статус алуу жөнүндөгү маселелерди айылдык Кеңештин депутаттары угуп жана талкуулап Бел айылдык Кеңешинин (бешинчи чакырылышынын) жыйырма үчүнчү сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бел айыл аймагындагы “Жаш” айылына өзүнчө статус берүү жөнүндөгү 2016-жылдын 30-сентябрында өткөрүлгөн жалпы чогулушунун №1-протоколун жана “Таш-Булак “айылына өзүнчө статус берүү жөнүндөгу 2016-жылдын 1-октябрында өткөрүлгөн жалпы жыйындын протоколунун негизинде кабыл алынган Бел айыл Өкмөтүнун 2016-жылдын 25-октябрындагы № 35, № 36- токтомдору бекитилсин.

2. Бел айыл аймагындагы “ Жаш” жана “Таш-Булак” айылдарына өзунчө статус берип, мамлекеттик классификаторго ( САОТЕ) алып берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Бел айыл Өкмөтүнүн башчысыМ.А.Каратаевге милдеттендирилсин.

 

Төрага

Т.Бекботоев