ПостановлениеДействует

Постановление Правления Национального банка КР от 26 мая 2011 года № 30/2 «О внесении изменений и дополнений в постановление Правления Национального банка Кыргызской Республики»О новой редакции Положения о порядке проведения аукциона по размещению государственных казначейских векселей Кыргызской Республики через НБКР" от 19 сентября 2007 года № 42/4

Редакцияот 26.05.2011
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ

ТОКТОМ

2011-жылдын 26-майы № 30/2

Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 19-сентябрындагы № 42/4 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казына векселдерин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүү тартиби жөнүндө" жобонун жаңы редакциясы тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7- жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 19-сентябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 26-октябрында 102-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 42/4 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казына векселдерин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүү тартиби жөнүндө" жобонун жаңы редакциясы тууралуу" токтомуна сунуш кылынган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

3. Юридикалык бөлүм, токтом расмий жарыялангандан кийин аны Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.

4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.

 

Төрага

Б.Жеенбаева