ПостановлениеДействует

Постановление Правления Национального банка КР от 25 февраля 2014 года № 5/2 «О внесении изменения в постановление Правления Национального банка Кыргызской Республики «Об учетной ставке Национального банка Кыргызской Республики и о процентной ставке по кредиту «овернайт» от 30 сентября 2008 года №36/20»

Редакцияот 25.02.2014
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ

ТОКТОМ

2014-жылдын 25-февралы № 5/2

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 30-сентябрындагы № 36/20 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чени тууралуу жана "овернайт" кредити боюнча пайыздык чен жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө'' Мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 30-сентябрындагы № 36/20 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чени тууралуу жана "овернайт" кредити боюнча пайыздык чен жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- Токтомдун төртүнчү пункту күчүн жоготкон катары таанылсын.

2. Токтом 2014-жылдын 27-февралынан тартып күчүнө кирет.

3. Юридика башкармалыгы:

- токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтына жарыяласын;

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Абдыбалы тегин С. мырзага жүктөлсүн.

 

Төрага

З. Асанкожоева