ПостановлениеДействует

Постановление Правления Национального банка КР от 16 июля 2014 года № 32/5 «Об утверждении»Правил регулирования деятельности кредитных союзов, осуществляющих операции по исламским принципам банковского дела и финансирования"

Редакцияот 16.07.2014
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ

ТОКТОМ

2014-жылдын 16-июлу № 32/5

"Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча жүзөгө ашырган кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежелерин" бекитүү тууралуу  

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча жүзөгө ашырган кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежелери" (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Токтом расмий жарыялангандан отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын. 

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен Кыргызстандын кредиттик союздар жана кооперативдер ассоциациясын, Кредиттик союздардын улуттук ассоциациясын жана "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсын тааныштырсын.  

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.  

 

Төрага

Абдыгулов