ПостановлениеДействует

Постановление Правления Национального банка КР от 26 апреля 2017 года № 17/2 «О признании утратившим силу постановления Правления Национального банка Кыргызской Республики»Об утверждении проекта Временного положения «О порядке проведения Национальным банком Кыргызской Республики своп-операций (без поставки) с коммерческими банками» от 5 февраля 2016 года № 5/3"

Редакцияот 26.04.2017
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ

ТОКТОМ

2017-жылдын 26-апрели № 17/2

Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 5-февралындагы № 5/3 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коммерциялык банктар менен своп-операцияларын (эсептелинген) жүргүзүү тартиби жөнүндө" Убактылуу жобонун долбоорун бекитүү тууралуу" токтомун күчүн жоготкон катары таануу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 5-февралындагы № 5/3 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коммерциялык банктар менен своп-операцияларын (эсептелинген) жүргүзүү тартиби жөнүндө" Убактылуу жобонун долбоорун бекитүү тууралуу токтому" күчүн жоготкон катары таанылсын.

2. Юридика башкармалыгы:

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен республиканын коммерциялык банктарын, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Н.Жениш мырзага жүктөлсүн.

 

Төрага

Т. Абдыгулов