ПостановлениеДействует

Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 14 июля 2017 года № 234 «О регистрации уполномоченных представителей кандидата на должность Президента Кыргызской Республики Мадумарова А.К.»

Редакцияот 14,07,2017
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2017 жылдын 14 июлу № 234

 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.К.Мадумаровдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн талапкер А.К. Мадумаровдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө түшкөн арызына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин, 1,2,3,4,5-бөлүктөрүн “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 19-пунктун, 18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин  кызмат ордуна талапкер А.К.Мадумаровдун шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Ысманалиев Медербек Рахманович катталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин  кызмат ордуна талапкер А.К.Мадумаровдун  каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Полотов Мирлан Шамшиевич катталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.К.Мадумаровдун катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бекитилген үлгүдөгү ырастамалар берилсин.

4. Бул токтом “ Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Шайлдабекова