ПостановлениеДействует

Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 18 июля 2017 года № 245 «О регистрации уполномоченных представителей кандидата на должность Президента Кыргызской Республики Масадыкова Таалатбека Шамудиновича»

Редакцияот 18,07,2017
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2017 жылдын 18 июлу № 245

 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Таалатбек Шамудинович Масадыковдун ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна өзүн өзү көрсөтүү тартибинде көрсөтүлгөн талапкер Таалатбек Шамудинович Масадыковдун ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө түшкөн арызына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин, 1,2,3,4,5-бөлүктөрүн “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,19-пунктарын, 18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерТаалатбек Шамудинович Масадыковдун шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп төмөнүлөр катталсын:

- Досназаров Эмил Нооманович;

- Абакиров Ишенгазы Чокоевич;

- Какеев Искандер Абитаевич.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерТаалатбек Шамудинович Масадыковдун катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бекитилген үлгүдөгү ырастама берилсин.

3. Бул токтом “ Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Шайлдабекова