ПостановлениеДействует

Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 25 июля 2017 года № 276 «Об упразднении избирательного участка № 2386 Кызыл-Тууского айылного аймака Сузакского района Жалал-Абадской области»

Редакцияот 25.07.2017
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

 2017-жылдын 25-июлу № 276

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагындагы № 2386 шайлоо участкасын жоюу жөнүндө

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагындагы № 2386 шайлоо участканы жоюу тууралуу Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын сунушунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 7-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагындагы № 2386 шайлоо участкасы жоюлсун.

2. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагындагы № 2386 шайлоо участкасынын курамы таркатылсын.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Шайлдабекова