ПостановлениеДействует

Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 31 июля 2017 года № 298 «О регистрации уполномоченных представителей кандидата на должность Президента Кыргызской Республики Каримова Алмазбека Ташболотовича»

Редакцияот 31.07.2017
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

 2017-жылдын 31-июлу № 298

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Алмазбек Ташполотович Каримовдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна өзүн өзү көрсөтүү тартибинде көрсөтүлгөн талапкер А.Т.Каримовдун ыйгарым укуктуу өкүлдөр каттоо жөнүндө түшкөн арызына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 1, 2, 3, 4, 5-бөлүктөрүн "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын, 18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Т.Каримовдун шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Джоробеков Муса Абдираимович катталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Т.Каримовдун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Машрапов Руслан Шарипович катталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Т.Каримовдун катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бекитилген үлгүдөгү каттоо ырастамалар берилсин.

4. Бул токтом "Эркин тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Шайлдабекова