ПостановлениеДействует

Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 2 августа 2017 года № 305 «О регистрации уполномоченного представителя кандидата на должность Президента Кыргызской Республики Масалиева Исхака Абсаматовича»

Редакцияот 02.08.2017
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2017-жылдын 2-августу № 305

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Исхак Абсаматович Масалиевдин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна "Кыргызстан коммунисттеринин партиясы" саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн талапкер И.А.Масалиевдин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө түшкөн арызына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 1, 2, 3, 4, 5-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын, 18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер И.А.Масалиевдин шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Жээнбеков Апазбек Субанович катталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер И.А.Масалиевдин катталган ыйгарым укуктуу өкүлүнө бекитилген үлгүдөгү каттоо ырастама берилсин.

4. Бул токтом "Эркин Too" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Шайлдабекова