ПостановлениеДействует

Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 11 октября 2016 года № 153 «Об утверждении положения «О статусе представителей кандидата, политической партии при выборах депутатов местных кенешей Кыргызской Республики»

Редакцияот 11.10.2017
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

 2016-жылдын 11-октябры № 153

"Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо талапкердин, саясий партиянын өкүлдөрүнүн статусу жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу

"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18, 19, 20, 21, 53, 60-беренелерине ылайык, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо талапкердин, саясий партиянын өкүлдөрүнүн статусу жөнүндө" жобо бекитилсин.

2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук Шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Шайлдабекова