ПостановлениеДействует

Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 20 октября 2016 года № 160 «Об утверждении Положения «О Рабочей группе по вопросам информирования избирателей и иных участников выборов о ходе подготовки и проведения выборов депутатов местных кенешей»

Редакцияот 20.10.2016
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

 2016-жылдын 20-октябры № 160

"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө шайлоочуларга жана шайлоонун башка катышуучуларына маалымдоо маселелери боюнча жумушчу топ жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө демократиялык башталыштарды чыңдоо максатында, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө шайлоочуларга жана шайлоонун башка катышуучуларына маалымдоо маселелери боюнча жумушчу топ жөнүндө" жобо бекитилсин.

2. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Шайлдабекова