ПостановлениеДействует

Постановление Кочкорбаевского айыльного кенеша от 28 февраля 2017 года 5/III-27 «О создании комиссии по проведению аукциона на земли Государственного фонда сельскохозяйственных угодий на арендных условиях в Кочкорбаевском айыльном аймаке»

Редакцияот 28.02.2017
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 28-февралы № 5/ III-27

“Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү максатында аукцион өткөрүү үчүн комиссиянын курамын түзүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен жактырылган Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү Жобого ылайык

Кочкорбаев айылдык кеңеши

Токтом кылат:

1. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү максатында аукцион өткөрүү үчүн комиссиянын курамы түзүлсүн жана бекитилсин:

1. Изатов Тасин -Кочкорбаев айылдык кеңешинин депутаты

2. Карагулаков Мирлан – Кочкорбаев айылдык кеңешинин депутаты

3. Ниязов Керим - Кочкорбаев айылдык кеңешинин депутаты

4. Керимкулов Эркинбек –Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысы

5. Адиков Санжыр - жер боюнча жетектөөчү адис

6. Исаков Турат- айыл башчысы

7. Абдыракманова Атыркуль – жооптуу катчы

2. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин берүү өлчөмү: жеке жактар үчүн: сугат жер- 25 га чейин, кайрак жер -50 га чейин, ал эми юридикалык жактарга сугат жер -50 га чейин, кайрак жер -100 га чейин болуп бекитилсин.

3. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн баштапкы баасы сугат жердин 1 гектарына -1000 (миң), кайрак жердин 1 гектарына -200 (эки жүз) сом жана көп жылдык өсүмдүктөр үчүн 1 гектарына -300 (үч жүз) бекитилсин.

4. Ижарага берүү мөөнөтү сугат жер үчүн - 5 жыл, кайрак жерге -7 жыл, көп жылдык өсүмдүктөр үчүн -10 жылга бекитилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер жана агрардык суроолор боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Төрага

 А. Албекенов