К содержанию
ДалилПравовая библиотека Кыргызской Республики
Меню
Спросить Далил
Язык
ОбзорКаталогЗаконопроектыШаблоныПроверка документаИзмененияО сервисеСпросить Далил
Каталог/Постановление
ПостановлениеДействует

Нарын шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 26-январындагы № 1»Түркия мамлекетинин шаарлары менен Нарын шаарынын ортосунда боордоштук жана кызматташтык мамиле түзүү жөнүндө» токтому

Реквизиты

Номер
№ 1
Принят
26 января 2018 года
Издал
Нарынский городской кенеш

Регистрация и публикация

Публикация
www.naryn-kenesh.kg · 2 февраля 2018 года
В реестре с
12 февраля 2018 года

В реестре

Код Минюста
400054

Официальная страница Минюста

Правовая информация
для работы, бизнеса и обучения.

Компания

О сервисеКаталогЗаконопроектыШаблоныПроверка документаСпросить Далил

Реквизиты компании и контакты ещё не добавлены.

Независимый информационный сервис. Данные собраны автоматически из Централизованного банка данных правовой информации Министерства юстиции КР и могут содержать неточности. Для юридически значимых решений сверяйтесь с официальным источником.

© 2026 dalil.kg
Редакцияот 26.01.2018
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХIII СЕССИЯСЫ

2018-жылдын 26-январы № 1

“Түркия мамлекетинин шаарлары менен Нарын шаарынын ортосунда боордоштук жана кызматташтык мамиле түзүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Кайыпов 2018-жылдын 11-15-январында Түркия мамлекетинин Кастомону облусунун чакыруусундагы иш сапарында Түркиянын облустук шаардык башкаруу органдары жана жогорку окуу жайы, ишкерлер менен жолугуушуларды өткөрүп, экономикалык-социалдык багытта кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген. Кастомону облусунун губернатору Яшар Карадениз менен болгон жолугушуусуна эки облус боордош облус болуусу боюнча негизги элементтер талкууланып, облустардын экономикасы-социалдык, маданий тармактарда иш алып баруу маселелери талкууланган. Ошондой эле, Кастомону шаарынын мэри Тахсин Бабаштын кабыл алуусунда Нарын шаары менен Кастомону шаарынын ортосунда достук жана кызматташуу боюнча иш алып баруу маселелери жана Анкара шаарынын Этимесгут районунун мэри Энвер Демирел менен болгон жолугушууда Нарын шаары менен Этимесгут району менен кызматташуу маселелери талкууланган.

     Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө бир нече макулдашууга жетишилип, Нарын облусунун дарыгерлерин акысыз Кастомону облусундагы медициналык клиникадан тажрыйба алмашуу, Нарын мамлекеттик университетинин базасында тил жана адабият борборун, заманбап илимий лаборотория ачуу маселелери макулдашылган.

 Жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

токтом кылат:

Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаары менен Түркия мамлекетинин Кастомону облусунун Кастомону шаары жана Нарын шаары менен Анкара шаарынын Этимесгут районунун ортолорунда өз ара боордоштук жана кызматташуу меморандумун түзүүгө макулдук берилсин.

 

Төрага

Ж. Ботоканов

 

Структура

В этом документе не удалось выделить разделы и статьи.