ПостановлениеДействует

Постановление Токмокского городского кенеша от 2016 г 17 ноября № 33/7-4 «О даче согласия на назначение вице-мэра г.Токмок»

Редакцияот 17.11.2016
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Токмок шаардык кеңешинин IV чакырылышынын VII кезектеги сессиясы

 

2016-жылдын 17-ноябры №33/7-4

Токмок шаарынын вице-мэрин дайындоого макулдук берүү жөнүндө

Токмок ш. мэриясынын 2016-жылдын 14-ноябрындагы чыг.№1876/1-4 Токмок шаарынын вице-мэрин дайындоого макулдук берүү жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, мандаттык, депутаттардын этикасы жана ѳз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2016-жылдын 14-ноябрындагы отурумунун протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ступников Сергей Викторовичти - Токмок шаарынын вице-мэрине дайындоого макулдук берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, мандаттык, депутаттардын этикасы жана ѳз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктѳлсүн.

 

Төрага

Т.Солтобаев