ПостановлениеДействует

Кара-Суу айылдык кеңешинин 2017-жылдын 15-февралындапгы № 3/3 «Кара-Суу айылдык кеңешинин депутатынын ыйгарым укугун токтотуу жөнүндө» токтому

Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI - чакырылышынын кезексиз III сессиясы

2017-жылдын 15-февралы № 3/3

“Кара-Суу айылдык кеңешинин депутатынын ыйгарым укугун токтотуу жөнүндө”

 Кара-Суу айылдык кеңешинин катчысы Р. Салбаровдун билдирүүсүн жана талкуулап Кара-Суу айылдык кеңеши

токтом кылат:

1.    Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамынын 22-беренесинин 1-пунктуна ылайык № 4157 Кызыл-Дөбө шайлоо участогунан депутат А. Осмонов Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу депутаттык ыйгарым укугу токтотулсун.

2.    Кара-Суу айылдык кеңешинин депутаты болуп №4157 Кызыл-Дөбө шайлоо участогунан депутаттыкка талапкер Өмүрканов Теңизбек Акимовичти депутат кылып дайындоо жагы Кочкор райондук шайлоо участогунан суралсын.

3.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Б. Назаровго милдеттендирилсин.

Төрага

Т.И. Курткаев