ПостановлениеДействует

Кара-Суу айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 13-мартындагы № 6/3 «Кара-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында ири мүйүздүү малдарды идентификациялоо боюнча бирка жана эмгек акысын бекитүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 13.03.2017
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI – чакырылышынын кезексиз VI сессиясы

2017-жылдын 13-марты № 6/3

«Кара-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында ири мүйүздүү малдарды идентификациялоо боюнча бирка жана эмгек акысын бекитүү жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 6-июнундагы «Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө» Мыйзамына ылайык Кара-Суу айыл аймагынын мал чарбасы жана ветеринария боюнча адиси М.Акынбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Суу айылдык Кеңеши

токтом кылат:

Ири мүйүздүү малдарды идентификациялоо боюнча төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.

 Бирка үчүн 37 (отуз жети) сом 76 (жетимиш алты) тыйын;

 Иш кагаздарына 2 (эки) сом 24 (жыйырма төрт) тыйын;

 Эмгек акы үчүн 30 (отуз) сом

Бул токтомду жетекчиликке алып аткартуу жагы Кара-Суу айыл аймагынын мал чарбасы жана ветеринария боюнча адиси М.Акынбековго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Т. Курткаев