ПостановлениеДействует

Постановление Каракольского городского Кенеша от 27 декабря 2017 года № 27-18/16 «О закладке в проект бюджета г. Каракол на 2018 г. денежных средств на софинасирование стимулирующего гранта по проекту «Замена кровли здания школы-гимназии №3»

Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 27-декабры № 27-18/16

"№ 3 мектеп гимназиясынын имаратынын чатырын алмаштыруу" долбоору боюнча дем берүүчү грантты каржылашууга акча каражатын бөлүп берүүнү, Каракол шаарынын 2018-жылдын бюджетинин долбооруна киргизүү жөнүндө”

 Каракол шаарынын финансы башкармалыгынын башчысы Г.С.Толумбекованын, 2017-жылдын, 12-декабрындагы, кир.№01-7/584 маалыматын угуп жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XVIII сессиясы,

токтом кылат:

1.    Каракол шаарынын финансы башкармалыгы (Г.С.Толумбекова), 890 800 (сегиз жүз токсон миң сегиз жүз) сом өлчөмүндөгү акча каражатын, "№3 мектеп-гимназиясынын имаратынын чатырын алмаштыруу" долбоору боюнча дем берүүчү грантты каржылашууга, Каракол шаарынын 2018-жылга карата бюджетинин долбооруна киргизүүнү камсыз кылсын.

2.    Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.

3.    Токтом ММКларда жарыялансын.

4.    Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.

 

Төрага

Э. Айсаракунов