ПостановлениеДействует

АБДРАХМАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН 2017-жылдын 6-июнундагы № 32 «Жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жөнүндө» токтому

Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

 АБДРАХМАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXVII – чакырылышынын кезектеги IV – сессиясы

2017-жылдын 6-июну № 32

 «Жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жөнүндө»

Абдрахманов айыл Кеӊешинин XXVII – чакырылышынын кезектеги IV – сессиясынын күн тартибине коюлган маселеси боюнча жайыт комитетинин төрагасы К.Ж Рыскелдиевдин билдирүүсүн угуп, карап чыгып талкуулап,айтылган сунуш, пикирлерди эске алып төмөндөгүдөй

Токтом кылат

1.Жайыт комитетинин 2017-жылга карата бюджети:

а) Чыгаша бөлүгү: 194,684,5;

б) Киреше бөлүгү: 194,684,5 сом болуп бекитилсин.

2.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы К.Ж Рыскелдиевге милдеттендирилсин.

2.Токтомдун аткарылышына финансы,бюджет инвестиция тартуу комиссиясы көзөмөл кылсын.

3.Токтом райондук ММКна жарыялансын,Ысык-Көл обулустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.

 

Төрага

Т. Исмаилов