ПостановлениеДействует

Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айылдык Кеӊешинин 2017-жылдын 18-февралындагы № 4-13 «Кыргыз-Ата айыл аймагына караштуу Кара-Таш участкасындагы кайрак айдоо жана чөп чабындыга жанаша жайгашкан жайытка жазгы жайыт үчүн мал киргизбөө жөнүндө» токтому

Редакцияот 18.02.2017
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айылдык Кеӊешинин VI шайланган VI сессиясы

 

2017-жылдын 18-февралы № 4-13

Кыргыз-Ата айыл аймагына караштуу Кара-Таш участкасындагы кайрак айдоо жана чөп чабындыга жанаша жайгашкан жайытка жазгы жайыт үчүн мал киргизбөө жөнүндө

Кыргыз-Ата айыл аймагына караштуу Кара-Таш участкасындагы элдин үлүшүнө берилген кайрак айдоо жана чөп чабындыга жазгы жайыт үчүн мал киргизбөө жөнүндөгү маселени туруктуу комиссияда карап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2- пунктына таянып Кыргыз-Ата айылдык Кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кыргыз-Ата айыл аймагына караштуу Кара-Таш участкасындагы элдин үлүшүнө берилген кайрак айдоо жана чөп чабындыга жанаша жайгашкан жайытка жазгы жайыт үчүн мал киргизүүгө тыюу салынсын.

2.  Кыргыз-Ата айыл аймагына караштуу Кара-Таш участкасындагы элдин үлүшүнө берилген кайрак айдоо жана чөп чабындыга жанаша жайгашкан жайытка жазгы жайыт үчүн мал киргизбөө чараларын көрүү Кыргыз-Атаайыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык маселелер, жер, муниципалдык менчик,жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

К. Назарбаев