ПостановлениеДействует

Коӊур-Дөбө айылдык Кеӊешинин 2017-жылдын 16-июнундагы № 11/2 «Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн 2018-2019-2020-жылдарга долбоорун бекитүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 16.06.2017
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

КОӉУР-ДөБө АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Коӊур-Дөбө айылдык Кеӊешинин V чакырылышынын кезексиз XI отуруму

 

2017-жылдын 16-июну № 11/2

Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн 2018-2019-2020-жылдарга долбоорун бекитүү жөнүндө

Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын 11-кезексиз отуруму, айыл өкмөттүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы К.Асановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап «Жергиликтүүөз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Респуликасынын Мыйзамынын 31 беренесинин 2 пункутуна ылайык Коңур-Дөбө айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.    2018-жылга каратаКоңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү 8278,8 миң сомго, чыгаша бөлүгү 8278,7 миң сомго болжолдуу бекитилсин. Анын ичинен теңдөөчү грант 6442,7 миң сомго, өздүк киреше 1843,3 миң сомго, атайын каражат 480,0 миң сомду түзгөн бюджеттин долбоору бекитилсин.

2.    2019-жылга каратаКоңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү 8385,2 миң сомго, чыгаша бөлүгү 8385,2 миң сомго болжолдуу бекитилсин.Анын ичинен теңдөөчү грант 6463,1 миң сомго, өздүк киреше 1922,1 миң сомго, атайын каражат 480,0 миң сомду түзгөн бюджеттин долбоору бекитилсин.

3.    2020-жылга каратаКоңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү 8909,6 миң сомго, чыгаша бөлүгү 8909,6 миң сомго болжолдуу бекитилсин.Анын ичинен теңдөөчү грант 6987,5 миң сомго, өздүк киреше 1922,1 миң сомго, атайын каражат 480,0 миң сомду түзгөн бюджеттин долбоору бекитилсин.

4.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин

бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөттүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы К.Асановго милдеттендирилсин.

 

Төрага

С. Жээналиев