ПостановлениеДействует

Капчыгай айылдык Кеӊешинин 2017-жылдын 24-январындагы № 2.2 «Капчыгай айылдык Кенешинин № 2 сегиз мандаттуу Сары-Бээ шайло оокругунун депутаты Сыдыков Эржан Сейитбековичтин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө» токтому

Редакцияот 24.01.2017
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Капчыгай айылдык Кеӊешинин VI чакырылышынын  кезексиз II сессиясы

 

2017-жылдын 24-январы № 2.2

Капчыгай айылдык Кенешинин № 2 сегиз мандаттуу Сары-Бээ шайло оокругунун депутаты Сыдыков Эржан Сейитбековичтин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өзалдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктундагы жана «Жергиликтүү Кенештин депутаттарынын статусу жөнүндөгү», Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 13-бөлүгүнө ылайык Сыдыков Эржан Сейитбековичтин арызын карап жана талкуулап Капчыгай айылдык Кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

Капчыгай айылдык Кенешинин № 2 сегиз мандаттуу Сары-Бээ шайлоо округунун депутаты Сыдыков Эржан Сейитбековичтин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

Ушул токтомду бекитип берүү менен 2016-жылдын 11-декабрындагы Жергиликтүү кенештерди шайлоонун жыйынтыгында № 2 сегиз мандаттуу Сары-Бээ шайлоо округунан резервдеги көп добуш алган талапкерге депутаттык ыйгарым укуктарды берүү Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Капчыгай айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары П.Сайдилкановага милдеттендирилсин

 

Төрага                                                                                                                                                                                                                                                                    Ж. Турганбаев