ПостановлениеДействует

Салам-Алик айыл Кеӊешинин 2017-жылдын 10-майындагы № 33 «Ж.Бөкөнбаев орто мектебинин спорт залы жөнүндө» токтому

Редакцияот 10.05.2017
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Салам-Алик айыл Кеӊешинин VI чакырылышынын кезексиз VI сессиясы

 

2017-жылдын 10-майы № 33

 

 Ж.Бөкөнбаев орто мектебинин спорт залы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесин жана депутаттардын маалыматын жетекчиликке алып, Салам-Алик айылдык Кеӊешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Ж.Бөкөнбаев орто мектебинин спорт залынын коопсуздук абалын иликтөө үчүн мыйзамда көрсөтүлгөн бардык талаптарга ылайык МЧСке кайрылууга чейин мектеп директору жана завхозу тиешелүү жумуштарды алып барсын.

2. Бул аныктамалар чыкканга чейин спорт залга кирүүгө чектөө киргизилсин.

3. Токтомду көзөмөлдөө билим берүү, маданият, жаштар уюму, спорт, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер, дин иштери тармактары боюнча туруктуу комиссияга (төрайым: Караева Зууракан) жүктөлөт.

 

Төрага

И. Шайбеков