К содержанию
ДалилПравовая библиотека Кыргызской Республики
Меню
Спросить Далил
Язык
ОбзорКаталогЗаконопроектыШаблоныПроверка документаИзмененияО сервисеСпросить Далил
Каталог/Постановление
ПостановлениеДействует

Корул айылдык Кеӊешинин 2017-жылдын 22-декабрындагы № 12/1 «2017-жылдын жыйынтыгы боюнча Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбектин билдирүүсү жөнүндө» токтому

Реквизиты

Номер
№ 12/1
Принят
22 декабря 2017 года
Издал
Корулский айылный кенеш Алайского района

Регистрация и публикация

Публикация
www.alayrayon.kg · 9 января 2018 года
В реестре с
21 февраля 2018 года

В реестре

Код Минюста
401509

Официальная страница Минюста

Правовая информация
для работы, бизнеса и обучения.

Компания

О сервисеКаталогЗаконопроектыШаблоныПроверка документаСпросить Далил

Реквизиты компании и контакты ещё не добавлены.

Независимый информационный сервис. Данные собраны автоматически из Централизованного банка данных правовой информации Министерства юстиции КР и могут содержать неточности. Для юридически значимых решений сверяйтесь с официальным источником.

© 2026 dalil.kg
Редакцияот 22.12.2017
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Корул айылдык Кеӊешинин VI чакырылышынын XII сессиясы

 

2017-жылдын 22-декабры № 12/1

2017-жылдын жыйынтыгы боюнча Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбектин билдирүүсү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 3-бөлүгүнүн 18-беренесинин 1-пунктуна ылайык, 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбектин билдирүүсүн угуп, талкуулап Корул айылдык Кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.    Корул айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын жыйынтыгынын аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбек тарабынан бир топ алгылыктуу иштердин аткарылгандыгы белгиленсин.

2.    2018-жылга алдыга коюлган милдеттерди аткаруу боюнча түзүлгөн иш чараларды турмушка ашырууда айыл өкмөтүнүн социалдык- экономикалык өнүгүүсүнүн бардык түрлөрү боюнча көрсөткүчтөрүн толтурууну камсыз кылуу, ишке болгон жоопкерчиликти жогорулатуу айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине милдеттендирилсин.

3.    Айыл өкмөтүнүн басымдуу бөлүгүн түзгөн айыл чарбасын ар тараптан интенсивдүү өнүгүүнүн чараларын көрүү, дыйканчылыктын, мал чарбачылыгын асылдандыруу боюнча алдыңкы тажрыйбаларды практикалоо, жеңилдетилген кредиттер менен күйүүчү жана майлоочу майлар, техникалар менен камсыздалсын.

4.    2018-жылга салыктын өсүү темпин жана план тапшырмаларды толук аткарылсын.

5.    Айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин жайыт төлөмдөрүнүн план тапшырмалары жыл жыйынтыгы менен толук аткарылгандыгы белгиленсин жана 2018-жылга жайыт акыны малдын башын кайрадан санап, жыйынтык чыгарып, максаттуу пайдалануу жагы каралсын.

6.    Айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарында ар түрдүү укук бузуулардын алдын алуу, коомдук жана укук тартибин камсыз кылууда коомчулук менен бирдикте атайын иш-чаралар иштелип чыгып, аны турмушка ашыруу жагы Коомдук алдын алуу борбору тарабынан аткарылсын.

7.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбекке милдеттендирилсин.

 

Төрага

Т. Маназаров

 

 

 

Структура

В этом документе не удалось выделить разделы и статьи.