ПостановлениеДействует

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН 2017-жылдын 12-майындагы № 16 «Кара-Суу айыл аймагындагы «Кимбилет» мечитинин жанынан жаңы мечит куруу жөнүндө» токтому

Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

7-чакырылышынын 6-кезексиз сессиясы

2017-жылдын 12-майы № 16

 

 «Кара-Суу айыл аймагындагы “Кимбилет” мечитинин жанынан жаңы мечит куруу жөнүндө”

1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 14-май 2002-жылдагы № 23 токтому күчүндө калтырылсын.

2. ”Кимбилет” мечитинин жанынан жаңы мечитти куруу үчүн уруксат берилсин.

3. Жаңы курулуучу мечиттин ордун чектеп берүү, керектүү юридикалык иш-кагаздарын даярдап берүү жагы райондук курулуш архитектура башкармалыгына милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Кара-Суу айылдык аймагынын башчысы Р.Биримкуловго жүктөлсүн.

 

Төрага

Эсенкул уулу Памир