Редакцияот 31.03.2017
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Исфана шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XX сессиясы

 

2015-жылдын 23-октябры № 20/1

«Исфана шаар мэриясына караштуу билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына карата даярдыгы жөнүндө»

Исфана шаар мэриясынын аймагында билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына карата даярдыгын карап чыгуу жөнүндөгү маалыматты угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык Исфана шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Исфана шаар мэриясынын аймагында билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына карата даярдыктары талапка жооп бере тургандыгы белгиленсин.

2. Исфана шаар мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринде кемчиликтер орун алгандыгы белгиленип, кемчиликтерди четтетүү жагы билим берүү мекемелеринин жетекчилерине жана Исфана шаарынын мэри А. Д.Анарботоевге тапшырылсын.

3. Мамлекеттик реестрге киргизүү жагы Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин Баткен областык бөлүмүнөн суралсын.

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин билим берүү, маданият, мамлекеттик тил, каада-салт жана саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү, экология иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Рахманкулов